УЛУТТУК НАРК ЖӨНҮНДӨ

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө”, “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыктарын, Кыргыз Жараны концепциясын жайылтуу, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КР Конституциялык Мыйзамын ишке ашыруу, БУУнун жана ЮНЕСКОнун чечиминин негизинде КР жашаган улуттардын ынтымагын бекемдөө, алардын эне тилин, маданиятын жайылтуу жана 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүн белгилөө максатында ЖАКта бир катар иш чаралар өткөрүлдү
Анын бирөө кезектеги ачык куратордук саат энергетика ПЦКсынын ЭСк-2-23, ЭССк-2-23 тайпаларынын студенттери менен ачык куратордук саат өткөрүлдү.
Иш чарада студенттер өзүлөрүн активдүүлүгун көрсөтүп, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө”, “Инсандын
руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыктарын, Кыргыз Жараны концепциясын жайылтуу боюнча презентацияларды даярдашты, баяндамаларды жасашты. Куратордук саатты окутуучу Маматалиева Ханзаада өткөрдү.
Иш чараага Жалал-Абад колледжинин окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Э.Беков. Карьера жана маркетолог жетекчиси Г.Алимбаева жана энергетика ПЦКсынын жалпы окутуучулары катышты.