1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. «Энергетика» ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

72

Алдыңкы тажрыйба борбору- Жалал-Абад колледжинин энергетика багытындагы  студенттеринин  ийгиликтүү бүтүрүүчү менен жолугушуусу  болду

Жалал-Абад колледжинин энергетика ПЦКсынын 140212 – “Электр менен камсыздоо (тармактар боюнча)” жана 140206 – “Электр станциялары, тармактар жана системалар” адистиктеринин студенттери биздин колледждин 140212 – “Электр менен камсыздоо (тармактар боюнча)” адистигинин ЭСк-2-20 тайпасынын бүтүрүүчүсү бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын мүчөсү Абасбеков Курбаналы менен жолугушушту.

ЭСк-2-22, ЭССк-2-22 тайпаларынын студенттери менен иштиктүү баарлашуу болду.

   Абасбеков Курбаналы  бүгүнкү күндө Жалал-Абад шаарында  "Асман" ипотекалык  курулуш компаниясынын биринде өзүнүн жеке электро монтаж бригадасы менен иштеп жатат.

   Колледжди аяктагандан кийинки жашоосу, кесиби тууралуу айтып жатып, биздин бүтүрүүчүлөр окуу жылдары кандай сонун өткөнүн көп байкап, студенттик күндөрүн эскеришти.Курбанаалы  колледждеги студенттерди кесипке болгон кызыгуусун көрүп  кубанып- келечектеги бүтүрүүчүлөрдүн потенциалы чоң экенин айтып өттү.

Студенттер тарабынан бүтүрүүчүгө  берилген суроолоруна жооп ала алышты.