Креативдүү идеалар жана технологиялар кербени
Алдыңкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжинин энергетика ПЦКсынын электр менен жабдуу жана электр станциялары тармактар жана системалар адистиктеринин 3 студенти"Креативдүү идеалар жана технологиялар кербени" аталышындагы эл аралык фестивалына катышышты.
Аталган колледждин ЭСк-2-22, ЭССк-2-22 тайпаларынын студенттери Чырмашов Абдысамат, Пайзидинов Элдияр, Авазбеков Асандар Ысык-Көл областтык "Креативдүү идеалар жана технологиялар кербени" аталышындагы эл аралык фестивалында "Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйлөргө күн энергиясын орнотууну изилдөө” темадагы илимий иши менен жана макеттери менен катышып, сертификаттар менен сыйланышты.
Алардын илимий ишинин жетекчилери Х.Маматалиева, С.Шаимкулова, Г.Чекиргозовалар болгон. Бүгүнкү күндөгү актуалдуу темалардын бирин изилдеген cтуденттерибизге ийгилик каалайбыз - дешет колледждин эмгек жамааты.