1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. «Энергетика» ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

3 месяца назад

103

ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАГА ИЙГИЛИК!

Алдыңкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжинин электр менен жабдуу жана электр станциялары, тармактар жана системалар адистигинин ЭСк-2-22 жана ЭССк-2-22 тайпаларынын студенттери окуу процессинин графигине ылайык 2024-жылдын 23- сентябрдан 2-ноябрга чейин Жалал-Абад электр тармактары ишканасына жана анын бөлүмдөрүнө,Майлуу- Суу РЭСке, Үч-Коргон жана Таш-Көмүр ГЭСтеринде өндүрүштүк практикада болушат.

 Өндүрүштүк практикасына жөнөтүү конференциясы уюштурулуп, конференцияга ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруунун инспектору Н.С.Жолдошалиева, Жалал-Абад колледжинин өндүрүштүк практика жетекчиси Э.А.Режапова ошондой эле практика жетекчилери катышты. Конференцияда студенттерге жолдо жүрүүнүн жана техникалык коопсуздук эрежелери түшүндүрүлүп, жол карта боюнча маалыматтар айтылды.

Студенттерге өндүрүштүк практикасына ийгилик каалайбыз!