1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. «Энергетика» ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

8 месяцев назад

136

КВАЛИФИКАЦИЯ АЛДЫНДАГЫ ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ

Алдынкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжинин электр менен жабдуу , электр станциялары, тармактар жана системалар адистигинин бүтүрүүчү тайпалары үчүн квалификация алдындагы практикасынын жыйынтыктоо конференциясы болуп өттү. Конференция жалпы 35 студент катышып, квалификация алдындагы практикада жасаган жумуштарын презентациялашты.

Конференцияга ЖАКтын өндүрүш практика боюнча директордун орун басары Ү.Кайкиева, ЖАКтын өндүрүш практика жетекчиси Э.Режапова, Энергетика ПЦКсынын жетекчиси С. Шаимкулова жана практика жетекчилери Г. Алимбаева, Ж.Паязова, Ж.Капарова, Х.Маматалиева катышышты. Студенттердин квалификация жумушуна топтоп келген маалыматтарын, электрдик эсептөөлөрүн текшеришип сунуштарын айтышты.

Конференциянын жүрүшүндө студенттердин отчет, күндөлүктөрүн көрүп жалпы жакшы баа берилди. Жаңы келишим түзүлгөн ОсОО Элхан-Ош жана Жалал-Абад санатория ишканаларына бөлүнгөн А.Муканбетов, К. Турдуев , Б.Турсунбаев ,ошондой эле Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын райондук электр тармактарына бөлүнгөн студенттер А.Алиев , Х.Атакелдиев , С.Ибраимов жумуш ордуна сынагы жок кабыл алуу сунушун өндүрүштөн билдиришти.