1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. «Энергетика жана Өзгөчө кырдаалдарда коргонуу» ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

6 дней назад

19

Студенттерди алгачкы окуу-таанышуу практикасына жөнөтүү боюнча конференция өттү

03.11.2026ж Жалал-Абад колледжинде Энергетика жана ӨКК ПЦКсынын Энергетика адистигинин ЭСк-2-25, ЭСк-3-25 тайпасынын студенттерин алгачкы окуу-таанышуу практикасына жөнөтүү боюнча конференция өткөрүлдү.

Конференциянын негизги максаты – студенттерди практикага даярдоо, алган теориялык билимдерин практика менен айкалыштырууга багыт берүү жана келечектеги кесибине болгон кызыгуусун арттыруу.

Конференциянын жүрүшүндө студенттерге окуу-таанышуу практикасынын максаты, милдеттери жана өтүү тартиби тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле практика учурунда сакталуучу ички тартип эрежелери, эмгекти коргоо жана электр коопсуздугу боюнча талаптар түшүндүрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге электр менен жабдуу тармагындагы адистердин ишмердүүлүгү, электр жабдууларынын түрлөрү, алардын аткарган кызматтары жана өндүрүштүк объектилерде коопсуз иш алып баруунун маанилүүлүгү жөнүндө маалыматтар берилди.

Мындан тышкары, практика жетекчилери тарабынан студенттердин милдеттери, практика күндөлүгүн толтуруу, аткарылган иштер боюнча отчет даярдоо жана практика жыйынтыгын чыгаруу тартиби түшүндүрүлдү.

Практика учурунда студенттер өздөрүнүн кесибине байланыштуу алгачкы түшүнүктөргө ээ болуп, электр жабдуулары жана энергетика тармагындагы иш процесстери менен жакындан таанышышат.