1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. «Энергетика жана Өзгөчө кырдаалдарда коргонуу» ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

6 дней назад

13

Энергетика адистигинин студенттери үчүн тегерек стол уюштурулду 

Жалал-Абад колледжинин Энергетика адистигинин бүтүрүүчүлөрүнө өндүрүштүк практика учурунда ЭСк-2-24 жана ЭССк-2-24 тайпаларынын студенттери үчүн Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын СНТБ бөлүмүнүн адиси тарабынан тегерек стол уюштурулду.

Тегерек столдун негизги темасы — «Өндүрүштүк практика учурунда студенттердин коопсуздугун камсыз кылуу жана келечектеги адистерди иш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрү».

 максаты — студенттердин өндүрүштүк практикадан өтүү учурунда коопсуздук талаптарын сактоосун камсыз кылуу, электр энергетика тармагындагы кесиптик жоопкерчилигин жогорулатуу жана студенттерди келечекте иш менен камсыз кылуу маселелерин талкуулоо.

Тегерек столдун жүрүшүндө студенттердин өндүрүштүк практика учурундагы коопсуздугу, электр жабдуулары менен иштөөдө техникалык коопсуздук эрежелерин так сактоо, эмгекти коргоо талаптарын аткаруу жана өндүрүштүк кырсыктардын алдын алуу маселелери каралды.

Ошондой эле энергетика тармагындагы кадрларга болгон талап, жаш адистердин жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү, кесиптик билимди жана практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүнүн мааниси боюнча пикир алмашуу болду.

Мындай жолугушуулар студенттерге келечектеги кесибинин өзгөчөлүктөрүн терең түшүнүүгө, өндүрүштүк чөйрөгө даярданууга жана эмгек рыногундагы мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат алууга шарт түзөт.

Жалал-Абад колледжи менен Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын кызматташтыгы студенттердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга, өндүрүштүк практика учурунда алардын коопсуздугун камсыз кылууга жана келечекте квалификациялуу энергетика адистерин даярдоого багытталган.