1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. «Энергетика жана Өзгөчө кырдаалдарда коргонуу» ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

6 дней назад

16

Өндүрүштүк практикада жүргөн студенттерге жумуш ордунда окутуу өттү

Жалал-Абад колледжинин Энергетика жана ӨКК ПЦКсынын окутуучусу Т. Атамбеков тарабынан өндүрүштүк практикада жүргөн студенттер үчүн жумуш ордунда окутуу уюштурулду.

Сабак "Релелик коргоонун жана автоматиканын түрлөрү жана анын электр тармактарында колдонулушу" темасында өттү.

Окутуунун жүрүшүндө студенттерге релелик коргоонун негизги түрлөрү - ашыкча токтон коргоо, дифференциалдык коргоо, аралыктан коргоо жана жерге туташуудан коргоо, ошондой эле автоматикалык кайра күйгүзүү (АКК) жана автоматикалык резервди күйгүзүү (АРК) түзүлүштөрүнүн иштөө принциптери түшүндүрүлдү. Релелик коргоо түзүлүштөрүнүн электр тармактарын авариялык абалдардан сактоодогу мааниси, туура тандоо жана орнотуу талаптары практикалык мисалдар менен көрсөтүлдү.

Мындай көчмө сабактар студенттердин теориялык билимин өндүрүштүк тажрыйба менен бекемдөөгө жана кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга багытталган.