1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. «Энергетика жана Өзгөчө кырдаалдарда коргонуу» ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

6 дней назад

13

Өндүрүштүк практика учурунда практика жетекчилери тарабынан текшерүүлөр уюштурулду 

Жалал-Абад колледжинин Энергетика жана ӨКК ПЦКсынын өндүрүштүк практика жетекчилери С. Шаимкулова, Х.Маматалиева,  Ж. Паязова, Э.Сайназаров, Т. Атамбеков, Б. Акматалиева, Г. Алимбаева тарабынан студенттерди өндүрүштүк практикада жүрүшүн тынымсыз текшерүүлөр уюштурулду.

Текшерүүнүн жүрүшүндө студенттердин практика өтөөчү ишканаларга өз убагында баруусу, бекитилген программанын негизинде иш алып баруусу, күндөлүктөрдү толтуруусу жана коопсуздук техникасынын эрежелерин сактоосу көзөмөлгө алынды.

Ошондой эле практика жетекчилери ишканалардын наставниктери менен жолугушуп, студенттердин кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүү, дисциплинасын жогорулатуу боюнча пикир алышты. Студенттерге практикалык отчетторду даярдоо жана  материалдарды чогултуу боюнча методикалык жардамдар берилди.

Мындай текшерүүлөр студенттердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга жана өндүрүш менен тыгыз байланышты чыңдоого багытталган.