1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. «Энергетика жана Өзгөчө кырдаалдарда коргонуу» ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

6 дней назад

17

Оңдоп түзөө цехинде жумуш ордунда окутуу уюштурулду.

Жалал-Абад колледжинин Энергетика жана ӨКК ПЦКсынын окутуучусу Х.С.Маматалиева  тарабынан энергетика адистигинин ЭСк-2-24 жана ЭССк-2-24 тайпаларынын студенттери үчүн Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Оңдоп түзөө цехинде жумуш ордунда окутуу уюштурулду.

Жумуш ордунда окутуунун темасы: «Электр жабдууларын эксплуатациялоодо техникалык коопсуздук эрежелерин так сактоо».

Окутуунун негизги максаты — студенттерге электр тармактарында иштөө учурунда техникалык коопсуздук эрежелерин сактоонун маанисин түшүндүрүү, электр жабдуулары менен иштөөдөгү коркунучтар тууралуу маалымат берүү жана коопсуз иштөө көндүмдөрүн калыптандыруу.

Окутуунун жүрүшүндө студенттер электр тармактар ишканасынын ишмердүүлүгү, электр жабдууларын эксплуатациялоонун негизги талаптары жана электр коопсуздугунун эрежелери менен таанышышты. Ошондой эле электр тогунан жабыркоонун алдын алуу, жеке коргонуу каражаттарын туура колдонуу, жумуш ордунда коопсуздук талаптарын сактоо жана электр жабдууларында иштерди жүргүзүүдө белгиленген нускамаларды аткаруу боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Мындай жумуш ордунда окутуулар студенттердин теориялык билимдерин практикалык тажрыйба менен айкалыштырууга, кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө жана келечектеги энергетика адистеринин коопсуз иштөө маданиятын калыптандырууга чоң салым кошот.

Жалал-Абад колледжи студенттердин кесиптик даярдыгын жогорулатуу жана өндүрүш менен билим берүүнүн байланышын бекемдөө багытында иш алып барууда.