1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. «Энергетика жана Өзгөчө кырдаалдарда коргонуу» ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

6 дней назад

9

Жалал-Абад электр тармактар ишканасында жумуш ордунда окутуу уюштурулду

Жалал-Абад колледжинин Энергетика жана ӨКК ПЦКсынын окутуучусу С.А. Шаимкулова тарабынан Энергетика адистигинин ЭСк-2-24 жана ЭССк-2-24 тайпаларынын студенттери үчүн Жалал-Абад электр тармактар ишканасында жумуш ордунда окутуу уюштурулду.

Көчмө сабак "Жогорку чыңалуудагы көмөк чордондордун электр жабдуулары жана схемалары" темасында өттү.

Сабактын жүрүшүндө студенттер жогорку чыңалуудагы көмөк чордондордо орнотулган негизги электр жабдуулары - күч трансформаторлору, элегаздык жана вакуумдук өчүргүчтөр, ажыраткычтар, ток жана чыңалуу өлчөөчү трансформаторлор менен жеринде таанышышты. Ошондой эле көмөк чордондордун башкы электр схемалары, шиналардын иштөө тартиби, оперативдүү которуулар жана коопсуздук техникасынын эрежелери боюнча практикалык маалымат берилди.

Иш-чаранын максаты - теориялык билимди өндүрүш менен айкалыштыруу, студенттердин кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүү жана аларды келечектеги кесибине даярдоо.

Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алып, алган билимдерин практикада бекемдешти.

Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын жетекчилигине жана кызматкерлерине кесиптик тажрыйба алмашууга түзгөн шарты үчүн ыраазычылык билдиребиз.