1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. «Энергетика жана Өзгөчө кырдаалдарда коргонуу» ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

6 дней назад

9

ЖАКта "Өзгөчө кырдаалдардан коргоо" адистигинин практикалык даярдыгы башталды 

2026–2027-окуу жылынын окуу планына жана окуу процессинин графигине ылайык, 280105 «Өзгөчө кырдаалдардан коргоо» адистигинин ӨККк-2-24 (9–11) жана ӨККк-3-24 (9–11) тайпаларынын студенттерине өндүрүштүк практикага жөнөтүү боюнча конференция өткөрүлдү.

Конференцияда студенттерге 2026-жылдын 28-сентябрынан 6-ноябрына чейин өтө турган өндүрүштүк практиканын максаттары, милдеттери жана уюштурулушу тууралуу кеңири маалымат берилди.

Өндүрүштүк практиканын негизги максаты — студенттердин окуу процессинде алган теориялык билимдерин иш жүзүндө бекемдөө, кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү жана   КР ӨКМ Жалал-Абад областы боюнча башкармалыгында, шаардык, райондук бөлүмдөрүндөгү жумуш процесстери менен жакындан таанышууну камсыз кылуу.

Конференциянын жүрүшүндө студенттерге өндүрүштүк практика учурунда эмгек тартибин, коопсуздук эрежелерин жана практика программасынын талаптарын так сактоо, берилген тапшырмаларды өз убагында жана сапаттуу аткаруу зарылдыгы өзгөчө белгиленди. Ошондой эле практика күндөлүгүн жүргүзүү, аткарылган иштерди белгилөө жана практика жыйынтыгы боюнча тиешелүү отчеттук документтерди даярдоо боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Жолугушууда студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, практикадан өтүүнүн тартиби жана уюштуруу маселелери боюнча керектүү маалыматтарды алышты.

Конференцияга ЖАКтын өндүрүштүк практика жетекчиси Э. А. Режапова жана практика жетекчилери С. Шаимкулова, Эшбаев А.А., Исмаилов Б.А. Алимбаева Г.Ж.  катышты.

Студенттерге өндүрүштүк практикадан ийгиликтүү өтүп, баалуу тажрыйба топтоолорун жана келечектеги кесиптик жолунда ийгиликтерди каалайбыз!