1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. «Энергетика жана Өзгөчө кырдаалдарда коргонуу» ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

6 дней назад

8

Датка 500/220/35 кВ көмөк чордонунда жумуш ордунда окутуу өттү 

Жалал-Абад колледжинин Энергетика жана ӨКК ПЦКсынын окутуучусу Х. Маматалиева тарабынан студенттер үчүн Датка 500/220/35 кВ көмөк чордонунда жумуш ордунда окутуу уюштурулду.

Сабак "Ишкананын тейлөөсүндөгү электр жабдыктарынын оперативдик схемасы" темасында өттү.

Көчмө сабактын жүрүшүндө студенттер Датка көмөк чордонунун негизги электр жабдыктары, 500, 220 жана 35 кВ бөлүштүргүч түзүлүштөрдүн оперативдик схемалары, автотрансформаторлордун иштөө тартиби жана ыкчам которуулардын өзгөчөлүктөрү менен жеринде таанышышты. Ошондой эле диспетчердик башкаруу, коопсуздук техникасы жана аварияга каршы автоматиканын иштеши боюнча практикалык маалымат берилди.

Мындай көчмө сабактар студенттердин энергетика тармагындагы ири объекттер боюнча билимин тереңдетүүгө жана кесиптик көз карашын кеңейтүүгө багытталган.