1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. «Энергетика жана Өзгөчө кырдаалдарда коргонуу» ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

6 дней назад

7

"Бир фазалуу электр эсептегичти алмаштыруу" темасында мастер-класс өтту

Жалал-Абад колледжинин Энергетика жана ӨКК ПЦКсынын окутуучусу Ж. Паязова тарабынан Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Метрология бөлүмүндө "Бир фазалуу электр эсептегичти алмаштыруу" темасында жумуш ордунда окутуу - мастер-класс уюштурулду.

Мастер-класстын жүрүшүндө бир фазалуу электр энергиясын эсептегичтердин түрлөрү, түзүлүшү, иштөө принциби жана аларды алмаштыруунун технологиялык тартиби көрсөтүлдү. Ошондой эле эсептегичти демонтаждоо жана монтаждоо учурундагы коопсуздук техникасынын эрежелери, пломбалоо иштери, эсептегичтин туура туташтырылыш схемасын текшерүү боюнча практикалык иштер аткарылды.

Студенттер эсептегичти алмаштыруу процессине түздөн-түз катышып, өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты жана алган теориялык билимдерин практикада бышыкташты.