1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. «Энергетика жана Өзгөчө кырдаалдарда коргонуу» ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

6 дней назад

7

0,4 кВ аба чубалгылары боюнча жумуш ордунда окутуу өттү

Жалал-Абад колледжинин Энергетика жана ӨКК ПЦКсынын окутуучусу Т.Атамбеков тарабынан студенттер үчүн "0,4 кВ чыңалуудагы аба чубалгыларында колдонулуучу опоралардын, изоляторлордун, проводдордун жана металлоконструкциялардын түрлөрү жана колдонулушу" темасында жумуш ордунда окутуу уюштурулду.

Сабактын жүрүшүндө студенттерге 0,4 кВ аба чубалгыларында колдонулуучу темир-бетон, жыгач жана металл опоралардын түрлөрү, алардын артыкчылыктары жана орнотулуу өзгөчөлүктөрү түшүндүрүлдү. Ошондой эле штырьлуу жана илинме изоляторлор, СИП жана АС маркасындагы зымдар, траверса, бандаж жана башка металлоконструкциялардын милдети, тандалып алынышы жана эксплуатациялоо эрежелери практикалык мисалдар менен көрсөтүлдү.

Окутуу студенттердин электр тармактарын куруу жана тейлөө боюнча теориялык билимин өндүрүштүк шартта бышыктоо максатында уюштурулду.