1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. «Энергетика жана Өзгөчө кырдаалдарда коргонуу» ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

6 дней назад

7

«Метрология, стандартизация жана сертификация» сабагы боюнча жумуш ордунда окутуу

15.10.2026ж Жалал-Абад колледжинин Энергетика жана ӨКК ПЦКсынын окутуучусу Х.С.Маматалиева Өзгөчө кырдаалдардан коргоо адистигинин ӨКк-2-25, ӨКк-3-25, ӨКк-01-26 тайпаларынын  студенттерине «Метрология, стандартизация жана сертификация» сабагы боюнча жумуш ордунда окутуу Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облустук гидрометстанциясында өткөрүлдү.

Жумуш ордунда окутуунун негизги максаты — студенттердин теориялык билимдерин практикалык ишмердүүлүк менен айкалыштыруу, өлчөөчү аспаптардын иштөө принциптери, аларды колдонуу тартиби жана өлчөөлөрдүн тактыгын камсыз кылуу боюнча түшүнүктөрүн калыптандыруу.

Окутуунун жүрүшүндө студенттер гидрометстанциянын ишмердүүлүгү, метеорологиялык байкоолорду жүргүзүү тартиби жана айлана-чөйрөнүн көрсөткүчтөрүн өлчөөдө колдонулуучу аспаптар менен таанышты. Ошондой эле атмосфералык басымды, абанын температурасын, нымдуулукту жана шамалдын ылдамдыгын өлчөөнүн мааниси жөнүндө маалымат алышты.

Студенттер өлчөөчү аспаптарды туура пайдалануу, өлчөөлөрдүн жыйынтыктарын каттоо, алынган маалыматтарды талдоо жана өлчөөлөрдүн тактыгын камсыз кылуу боюнча практикалык түшүнүктөрүн кеңейтишти.

Жумуш ордунда окутуунун натыйжасында студенттер метрологиянын практикалык маанисин түшүнүп, өлчөөчү аспаптарды колдонуу жана алынган маалыматтарды өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иштеринде пайдалануу боюнча билимдерин тереңдетишти.