АС ЖАНА М ПЦКСЫНЫН БАЗАДАГЫ ӨТКӨРҮЛГӨН ИШ-ЧАРАЛАРЫ

Алдыңкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжинин автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКсынын окутуучусу Б.Маманова ПОВТАС-2-22, ПОВТАСк-01-23, ПОВТАСк-02-23 тайпалардын студенттерине техникалык коопсуздук, жолдо жүрүүнүн эрежелери, жашоо тиричилик коопсуздук эрежелери боюнча аңгемелешүү өткөрдү. Ангемелешүү студенттер практика өтөп жаткан Кыргыз темиржол ишканасында, Регион телеканалында уюштурулду.
Ошондой эле окутуучулар Н.Мусакулова , Т. Исманова, М.Мирзакаримова , С.Хурсанов Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Санариптештирүү жана билим берүүдөгү инновациялык технологиялар бөлүмүндө тегерек стол уюштурушту. Тегерек стол ПКдагы программалар жана ишканалардын өзгөчөлүктөрү жөнүндө болду.
Н. Алимусаева Жалал-Абад облустук китепканада МS Word программасында документтерди форматтоо боюнча мастер класс өттү. МS Word программасын өздөштүрүү өтө маанилүү экендигин баса белгилеп, жумуш аткарууда андагы командаларды туура тандоону, клавишалардын комбинациясынын жумуш аткаруудагы функциясы жөнүндө үйрөттү.
И.Абдуллаев Лек окуу борборунда БАС-2-22 жана ПОВТАС-02-23 тайпаларынын студенттери менен байланышып, алардын түшүнбөгөн суроолоруна жооп берип, күндөлүк толтуруу боюнча, жол картасынан көрсөтүп, конкреттүү мисалдарды ( кайсы программалык жабдуулар иштетилет, кандай техникалык каражаттар иштетилет, алардын кандай мүмкүнчүлүктөрү бар ж.б.) келтирди.Ишканадагы жетекчи менен жолугуп, студенттердин практика өтөөдөгү ишмердиктери жөнүндө пикирлешти.