ПОВТАС адистигинин студенттери квалификация алдындагы практикада
Алдынкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжинин 2023-2024-окуу жылынын окуу планына жана окуу процессинин графигине ылайык, Автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКсынын автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникасын программалык камсыздоо адистигинин ПОВТАСк-01-22, ПОВТАСк-2-21, ПОВТАСк-3-21 тайпаларынын студенттери 04.03.24-20.04.24-ж чейин квалификация алдындагы практиканы өтөөгө Жалал-Абад областында жайгашкан мекеме-ишканаларга бөлүнүштү.
Жалал-Абад колледжинен жана өндүрүштөн жетекчи бекитилип берилди. Жетекчилер студенттерди практика өтөөгө ишканаларга жайгаштыруу менен бирге базадагы иш-чаранын планына ылайык Арзыматова Ч. практиканттар арасында техникалык коопсуздук, жолдо жүрүүнүн эрежелери, жашоо тиричилик коопсуздук эрежелери боюнча областтык китепканада аңгемелешүү өткөрдү.
Абдуллаев И. бакай Банкка бөлүнгөн практиканттарга мекеме-ишкананын графиги, эрежелери, ПКдагы программалары менен жана ишканалардын өзгөчөлүктөрү менен тааныштыруу иштерин жүргүздү.