1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

3 дня назад

168

1

ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУНУН АЛКАГЫНДА HTML, CSS ЖАНА SHADCN UI ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ БОЮНЧА ПРАКТИКАЛЫК САБАК ӨТКӨРҮЛДҮ

Жалал-Абад колледжинин Автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКсынын адистик окутуучусу Асилбек уулу Курсантбек тарабынан «Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу (тармактар боюнча)» адистигинин БАСк-3-23 тайпасынын студенттери үчүн жумуш ордунда окутуунун алкагында HTML, CSS жана заманбап UI-компоненттик ыкмаларды колдонууга арналган практикалык сабак уюштурулду. Сабак АС жана М ПЦКсынын «Компьютердик графика жана мультимедиа» лабораториясынын 304-аудиториясында өткөрүлдү.

Сабактын жүрүшүндө студенттер HTML (HyperText Markup Language) технологиясынын жардамы менен веб-документтин структуралык каркасын түзүп, семантикалык тегдер аркылуу баракчанын логикалык архитектурасын уюштурушту. Контент элементтерин туура жайгаштыруу, документтин иерархиясын сактоо жана frontend түзүмүн туура куруу боюнча практикалык тапшырмалар аткарылды.

CSS (Cascading Style Sheets) технологиясы аркылуу интерфейстин визуалдык стилин түзүүдө container жана flexbox ыкмалары колдонулуп, меню жана навигация блокторун жайгаштыруу, кнопкаларга жана шилтемелерге hover эффекттерин берүү, spacing жана типографиялык иерархияны туура түзүү сыяктуу иштер жүргүзүлдү. Мындан тышкары, CSS файлдарын модулдук архитектурада уюштуруу (index.css, header.css, home.css) жана кодду масштабдалуучу форматта жазуунун принциптери көрсөтүлдү.

Практикалык сабакта ошондой эле shadcn/ui компоненттик китепканасынын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу түшүндүрмө берилип, заманбап интерфейстерди түзүүдө даяр компоненттерди туура интеграциялоо, UI элементтердин бирдиктүү стилин сактоо жана frontend архитектурасын системалуу түрдө уюштуруу маселелери каралды.

Сабактын соңунда студенттер даярдалган HTML жана CSS файлдарын браузерде текшерип, интерфейстин корректтүү иштөөсүн анализдешти. Мындай жумуш ордунда окутуу форматы студенттердин практикалык көндүмдөрүн бекемдеп, заманбап веб-технологиялар тармагында атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоого багытталган.