1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

3 дня назад

6

2026-жылдын 19-февралында  ПОВТАС адистигинин 2-курсунун студенттери үчүн жумуш ордунда окутуу күнү болду

Биздин алдыңкы окутуучуларыбыз:

1.  Эркулова Элмира (Окуу борбордун жетекчиси)

2.  Мусаева Эльмира

3.  Сатыбалдыева Альбина эжекелер ПОВТАСк-2-3-4-8-24 жана ПОВТАСк-02-25 тайпаларынын студенттерин план боюнча кезектеги ЖООну өтүү максатында “Лек” окуу борборуна алып барышты. Алар аталган окуу борборунда  студенттерге интерфейсти блокторго бөлүү жана заманбап дизайндын сырларын үйрөтүштү. Ар бир тайпада кызуу талкуу, практикалык иш жана жаңы ачылыштарга кызыгуу пайда болду.

 Сабактын аягында студенттер өз алдынча интерфейс блокторун түзүп, аткарылган иштерге мугалимдер тарабынан конструктивдүү талдоолор жасалды. Мындай биргелешкен иш-аракеттер окуу жайдын билим берүү сапатын жогорулатууга болгон умтулуусун айгинелейт.

Жумуш ордунда окутуу (ЖОО) — бул студенттердин кесипкөй адис катары калыптанышына чоң өбөлгө түзөт. Студенттер реалдуу IT-долбоорлордо колдонулган инструменттер менен иштеп, кесиптик чөйрөгө аралашууга мүмкүнчүлүк алышты.