1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

65

БАС жана ПОВТАС адистигинде окуган студенттердин жүрүм-туруму боюнча ата-энелер чогулу болду

Билим берүү программасын ишке ашыруунун алкагында ЖАК, АСжМ ПЦКсы, ПОВТАС адистигинин студенттердин окуудан четтеп кетүүсүнүн себептери үзгүлтүксүз талданып турат. Талдоонун жыйынтыгында айрым студенттерде академиялык жетишүүнүн төмөндөшү, сабакка катышуунун азайышы жана окууга болгон кызыгуунун төмөндөшү аныкталган. Бул маселелерди чечүү үчүн сабакты көп калтырган  көрсөткүчү жогору студенттер боюнча ата-энелер менен жолугушуулар өткөрүлүп, окутуучулар, кураторлор жана ата-энелердин кызматташуусу күчөтүлдү. Ар бир студент боюнча өзүнчө иш алып барылып, кошумча консультациялар жана индивидуалдык иш алып баруу чаралары пландалды .Натыйжада студенттердин сабакка катышуусу жана окууга болгон кызыгуусу жогорулап, академиялык көрсөткүчтөрү жакшырып, аларды окуу жайда сактап калууга оң таасир тийгизилди.