1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

27

ПОВТАС адистигинин өндүрүштүк практикасынын жыйынтыктоочу конференциясында студенттердин практика мезгилинде жетишкен ийгиликтери өзүнчө белгиленди

Жалал-Абад колледжинин Автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКсынын «Автоматташтырылган системалар жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо» (ПОВТАС) адистигинин өндүрүштүк практикасынын жыйынтыктоочу конференциясында практика мезгилинде жетишкен ийгиликтери өзүнчө каралып, жогорку баага ээ болду.

Атап айтканда, ПЦКнын окутуучулары жана ПОВТАС адистигин студенттери Бишкек шаарында өткөрүлгөн «Суу – бардыгы үчүн» Хакатон-2025 иш-чарасына активдүү катышып, 12 команданын арасынан III орунду ээлешкени конференциянын алкагында белгиленди.

Хакатондун жүрүшүндө студенттер актуалдуу социалдык жана техникалык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган инновациялык идеяларын сунуштап, өздөрүнүн чыгармачылык жана техникалык мүмкүнчүлүктөрүн толук көрсөтө алышты. Командалык иштин алкагында алар долбоорду пландаштыруу, техникалык чечимдерди иштеп чыгуу, өз идеяларын негиздеп коргоо, ошондой эле убакытты натыйжалуу башкаруу боюнча практикалык тажрыйба топтошту. Бул иш-чара студенттердин лидерлик сапаттарын, жоопкерчилигин жана кесиптик ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.

Конференциянын жыйынтыгында аталган жетишкендик ПОВТАС адистигинин студенттеринин өндүрүштүк практика учурунда алган теориялык билимдерин практикада ийгиликтүү колдонууга жөндөмдүү экендигин, ошондой эле заманбап IT тармагындагы долбоорлорго катышууга даяр адистер катары калыптанып жаткандыгын айкын көрсөткөн маанилүү көрсөткүч катары бааланды.