1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

5 месяцев назад

128

Жалал-Абад колледжи 3-курстарды өндүрүштүк практикага жөнөтүү боюнча конференция өткөрүлдү

2025-жылдын 31-октябры күнү ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин Автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКсынын Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо адистигинин  ПОВТАСк-01-02-24 жана ПОВТАСк-2-3-4-5-6-23 тайпаларынын студенттерин өндүрүштүк практикага жөнөтүү  конфернциясы болуп өттү. Конференцияга колледждин директору Бектурсунов Жанарбек колледждин практика жетекчиси Режапова Элмира, карьера бөлүмүнүн башчысы Алимбаева Гүлмайрам, ПЦК башчысы Калдарова Динара , практика жетекчилери жана студенттер катышышты. Конференциянын жүрүшүндө өндүрүштүк практиканын максаты жана студент үчүн жол карталар, практиканын жыйынтыгында баалоонун критерийлери, практиканын өтүү тартиптери,студенттердин жоопкерчилиги жана иш учурундагы эмгек жана техникалык коопсуздук эрежелери боюнча кеңири маалымат берилди. Студенттер тарабынан суроолор берилип кызуу талкууланды. Колледж жетекчилиги студенттерге иш ордунда жигердүү болууга, өз кесибин терең өздөштүрүүгө жана алган теориялык билимди иш жүзүндө бекемдөөгө чакырды. Практика жетекчилери ар бир топко тиешелүү тапшырмаларды берип, студенттерге ийгилик каалашты.