1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

5 месяцев назад

135

“Сабак өтүүдө санарип технологияларды колдонуу” деген темада мастер-класс

2025-2026- окуу жылында окутуучуларга мастер класстарды өтүү графиги боюнча Алдыңкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжинин АСжМ ПЦКсынын окутуучулары Түмөнбаева Зинаш, Пахридинова Элиза «Сабак өтүүдө санарип технологияларды колдонуу» темасындагы мастер-класс өтүштү.Мастер-класс  ийгиликтүү өткөрүлдү.

 Иш-чаранын негизги максаты — окутуучулардын сабак өтүүдө санариптик каражаттарды, интерактивдүү платформаларды жана мультимедиялык ресурстарды натыйжалуу колдонуу көндүмдөрүн өркүндөтүү болду.

Мастер-класс учурунда катышуучуларга:

·         Санариптик билим берүү чөйрөсүндөгү акыркы тенденциялар боюнча маалымат берилди;

·         Google Classroom, Kahoot, Canva, Mentimeter сыяктуу онлайн шаймандарды сабакта колдонуу боюнча практикалык көрсөтмөлөр көрсөтүлдү;

·         Санариптик сабак пландаштыруу жана студенттердин активдүүлүгүн жогорулатуу боюнча усулдук сунуштар берилди.

Катышуучулар активдүү катышып, өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү жана жаңы билим, көндүмдөргө ээ болушту. Мастер-класс окутуучулардын сабак өтүүдө инновациялык ыкмаларды колдонууга болгон кызыгуусун арттырды жана окутуунун сапатын жогорулатууга чоң түрткү берди.

Иш-чара жыйынтыгында катышуучуларга ыраазычылык билдирилип, сунуш-пикирлер талкууланды.