1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

5 месяцев назад

104

Мамлекеттик стандарттардын актуалдуулугу жана ПОВТАС, БАС, ОТЗИ адистиктерине түзүлгөн ОПОПторду жумушчу программаларда колдонулушу

2025-2026-окуу жылында окутуучуларга мастер-класстарды өтүү графиги боюнча Алдыңкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжинин Автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКсынын төрагасы Калдарова Динара Калыкназаровна жана БАС, ПОВТАС адистигинин окутуучусу Мирзакаримова Мадина Махмудовналар  ЖАКтын окутуучуларына Мамлекеттик стандарттардын актуалдуулугу жана ПОВТАС, БАС, ОТЗИ адистиктерине түзүлгөн ОПОПторду жумушчу программаларда колдонулушу деген ьемада мастер класс өтүштү.

Максаты:

1.  Жалпы билим берүү, кесиптик билим берүү жана жогорку билим берүү чөйрөлөрүндөгү мамлекеттик стандарттардын негизги жоболорун, максаттарын жана принцибин изилдөө.

2. Азыркы экономикалык, социалдык жана технологиялык өнүгүүлөрдүн контекстинде мамлекеттик стандарттардын актуалдуулугун жана алардын өзгөрүп жаткан талаптарга канчалык деңгээлде жооп берип жатканын баалоо.

3. Адистиктердин келечектеги өнүгүү багыттарын, жаңы технологияларды жана жумуш орундарындагы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен ОПОПторду жаңыртуунун зарылдыгын аныктоо.

4. Окутуучулар менен жумуш ордундагы адистердин пикирлерин чогултуу аркылуу ОПОПтордун жумушчу программаларда колдонулушунун натыйжалуулугун жана кемчиликтерин аныктоо.

Мастер класста   Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын маанисин жана жаңылануусунун себептерин түшүндүрүү менен   ПОВТАС, БАС, ОТЗИ адистиктери үчүн иштелип чыккан ОПОПтордун мазмунун талдалып, жумушчу программаларды даярдоодо ОПОПторду туура колдонуу ыкмаларын үйрөтүү болду. Негизинен мастер класс аябай кызыктуу өттү, карточкаларды таркатуу менен окутуучулар берилген тапшырмалар үстүндө иштешти. Берилген тапшырмалар төмөнкүлөр болду.

·         Жумушчу программаны ОПОПтун талаптарына салыштыруу;

·         Кайсы компетенциялар камтылганын жана кайсынысы жетишсиз экенин аныктоо;

·         Жоопторду кыскача презентация түрүндө талдоо.

 Катышуучулар билим берүү стандарттарынын структурасын түшүнүү менен   ОПОП документтерин анализдөөнү үйрөнүшүп, өз адистиги боюнча жумушчу программаны стандартка ылайык иштеп чыга алууну өздөштүрүштү.

Мастер калсстын аягын да окутуучулар кызыктуу өткөндүгүн керектүү маалыматтарды ала алышканыдыгын айтышып ыраазычылык сөздөрдү айтуу менен жыйынтыкталды.

Тренер Калдарова Динара Калыкназаровнага жана Мирзакаримова Мадина Махмудовнага терең ыраазычылык билдиребиз.