1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

22

«Студенттердин окуу процессине кызыгуусун арттыруунун жолдору” деген темада мастер класс өтүлдү

Алдыңкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжинин 2024-2025-окуу жылында Автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКсынын окутуучулары Исманова Т.К. жана Эсенбаева Н.С. тарабынан «Студенттердин окуу процессине кызыгуусун арттыруунун жолдору” деген темада мастер класс өтүлдү. Мастер класска ПЦкнын жалпы окутуучулары катышты. Студентте билимге асыл максаттуу ички керектөөлөрдү ойготуу үчүн эмне жумуш кандай усулдарды колдонуу керек? Сиз өкөн темаларды турмушка, практикада пайдалана алабы? Студентке дайым көңүл бөлүп, кызыгуусун, «культивация» кылып, өстүрүп туруу үчүн кандай методдорду колдоносуз.ж.б. темаларда талкуулар болду. Тажрыйбалуу окутуучулар колдонгон методдору менен жаш окутуучулар арасында бөлүшүштү.  Исманова Т.К. жана Эсенбаева Н.С.жаш курагына карап студенттер арасында мотивацияны жогорулатуу үчүн стратегияларды айтып өтүштү. Сабакты кызыктуу өтүү үчүн максатты туура кое билүү керек экендигин, сиз өткөн теманы студенттер жашоодо пайдалана алабы ж.б. суроолорго токтолуп белгилеп өтүүдө, муз жаргычтарды колдонууда сабак дагы да жандуу болоорун көрсөтүштү.

Мотивациясы ийгиликтүү окуунун негизин түзөт. Ойлонулган стратегияларды ишке ашыруу студенттерди сабакка тартууга гана жардам бербестен, алардын кызыгуусун сабактын аягына чейин өчүрбөй турууга да жардам берет. Студенттерге мотивация берүү-эмпатияны жана заманбап ыкмаларды айкалыштырган искусство. Анткени, окутуучулардын мотивациясы болгондо, окуу түйшүктүү болбой калат жана жаңы билимге, көндүмдөрдүн кызыктуу сапарына айланат.            Ар бир студент уникалдуу экенин эстен чыгарбоо керек жана алардын мотивациясынын ачкычы жеке мамиледе, колдоодо жана көңүл бурууда болушу мүмкүн.