1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

37

Окуу-таанышуу практикадагы студенттердин табылгасы

Жалал-Абад колледжинин 2024-2025-окуу жылынын окуу планына жана окуу процессинин графигине ылайык, АС жана М ПЦКсынын маалыматты иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу адистигинин БАСк-01-23, БАСк-2-22, БАСк-4-22  тайпаларынын студенттерине окуу таанышуу практикасынын жыйынтыктоо конференциясы болуп өттү.

Конференцияга Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк  практиканы уюштуруу бөлүмүнөн Жолдошалиева Нурия Султановна, өндүрүштүк  практика жетекчиси Э.А.Режапова, АСжанаМ ПЦКсынын төрагасы Калдарова Д. К, БАС адистигинин практика жетекчиси Абдразакова Г.А. жана практиканын жетекчилери Абдуллаев И., Арзыматова Ч., Мусаева Э., Түмөнбаева З.Ж., Аскаров Ж., Алиев Б., Алмаз кызы Айгеримдер катышышты.

БАС адистигинин студенттери өздөрүнүн практикадагы табылгалары менен бөлүшүштү.Өзгөчө,студенттердин изилдөө иштериндеги жасаган  слайд шоулору кайдыгер калтырбайт.

Студенттердин арасынан Рустамов Исмаил, Жусупжанов Элбурс өзгөчөлүгүн көрсөтүштү