1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

3 месяца назад

166

1

Бүтүрүүчүлөр мамлекеттик практикага, экинчи курстар окуу таанышуу практикасына  жөнөтүлдү

Алдыңкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжинин 2024-2025-окуу жылынын окуу планына жана окуу процессинин графигине ылайык, Автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКСынын  маалыматты иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу (тармактар боюнча)  адистигинин БАСк-01-23, БАСк-2-22, БАСк-4-22 тайпаларынын студенттерине 03.03.2025 - 19.04.2025-ж чейин квалификация алдындагы  практиканын жөнөтүү конференциясы болуп өттү.

Конференцияга Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк  практиканы уюштуруу бөлүмүнон Жолдошалиева  Нурия Султановна, өндүрүштүк  практика жетекчиси  Э.Режапова, АСжанаМ ПЦКсынын төрагасы Д.К. Калдарова катышты

Квалификация алдындагы практиканын жөнөтүү конференциясы атайын түзүлгөн конференциянын программасы негизинде болуп өттү. АСжМ ПЦКсынын БАС адистигинин практика жетекчиси Г.А. Абдразакова  тарабыннан уюштурулду.

Конференциянын жүрүшүндө АСжМ ПЦКсынын төрагасы Калдарова  Динара Калыкназаровна практиканын максаты, милдети жана практиканы өтөөдө жол карта менен аткаруучу иштерди айтты.

 Ал эми  практика жетекчилерге, студенттерге практика учурунда эң маанилүүсү илимий иштерге өзгөчө көңүл буруп иштөөсүн баса белгилеп ,квалификацилык жумушту жазуунун жоболоруна токтоп, толук маалымат берди.

Андан кийин ар бир тайпанын практика жетекчилери студенттердин окуу жай менен келишими бар мекеме-ишканаларга бөлүнгөндүгүн студенттердин квалификациялык иштерин аткаруу боюнча кошумча маалыматтарды берүү менен  балоо критерийлерин тааныштырышты.

Ошондой эле квалификация алдындагы практикага жөнөтүү конференциясында ар бир тайпанын практика жетекчилери санитардык-гигиеналык, коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен ар бир студентке кайсы мекемеге бөлүнгөн болсо жолдомолор берилип, жол карталар менен кошо жөнөтүлдү.

       Ал эми маалыматты иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу адистигинин БАСк-01-24, БАСк-2-23, БАСк-3-23, БАСк-4-23  тайпаларынын студенттерине 03.03 - 15.03.2025-ж чейин окуу таанышуу практикага жөнөтүү конференциясы болуп өттү.

Студенттер жол карталар менен толугу менен таанышып,практикадагы милдеттерин,укуктарын  билишти.