1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

43

Алдынкы тажрыйба борбору-ЖАКта автоматташтырылган системалар жана математика» ПЦКсында конок лекция уюштурулду

  Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети Жалал – Абад  колледжинин автоматташтырылган системалар жана математика  ПЦКсынын ПОВТАС, БАС адистиктеринин студенттери  менен иш берүүчүлөрдүн жолугушуусу жана  алардын  конок лекциясы болду.

Конок лекция IТ тармагы боюнча азыркы мезгилдеги замандын талабына жараша программалык жана техникалык каражаттарынын актуалдуулугун талкуулоо максатында болду.

Кызыктуу жолугушууга төмөндөгү коноктор катышты:

Калыбекова Зияда Садыковна - Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк  практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы

Жолдошалиева Нурия Султановна - Карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн инспектору

Конок лекцияда өтулгөн темалар:

 Эркулова Эльмира Кадыркуловна - ЛЕК окуу борборунун жетекчиси темасы “Обзор по актуальным языкам программирования”

 Термечикова Алтынкан Мамытовна - Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун санариптештирүү жана ББИТ борборунун башчысы темасы “Университеттердин ишмердүүлүгүндөгү санариптик трансформация: багыттар жана келечеги”

 Пирматов Мирзали Кадыралиевич ЖАМУнун маалымат технологиялар борбору темасы “Компьютерлерди оңдоп түзөө драйверлерди”

Абилов Каныбек Бурканович -Заманбап эл аралык университетинин информатика кафедрасынын улук окутуучусу “Искуственный интеллект”

 Ордобаев Нурлан Аблумаликович – “Байлык финансы” МКК ЖЧК банктын түштүк регион боюнча техникалык колдоо адиси темасы: “Азыркы учурда банк тармагында колдонулган операциондук системалар”

 Турусбеков  Жакшылык Турусбекович – Жалал-Абад шаарындагы “АМАН ПРИНТ” жарнак жасоо ишканасынын админстратору темасы: “Полиграфия тармагында жарнак жасоону өздөштүрүүчүлөргө кеңеш” деген темаларда презентация жасашты.

Жолугушуу студентенттер үчүн кызыктуу болду,  ошондой эле өз кесибине болгон көз караштары жана кызыгуусу андан да артты. Иш берүүчүлөр менен болгон маекте студенттер суроо жооптор менен активдүүлүгүн көрсөтө алышты