1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

8 месяцев назад

186

1

АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН СИСТЕМАЛАР ЖАНА МАТЕМАТИКА ПЦКСЫНДАГЫ КУРАТОРДУК СААТТАР

Алдыңкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжинин автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКсынын автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникасын программалык камсыздоо жана маалыматты иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу адистиктеринин 2-3-курстарына “Балдар жана жаштар арасында тамекинин жана баңги заттардын зыяндуулугу ” деген темада куратордук сааттар өткөрүлдү. Өткөрүлгөн куратордук сааттарга АСжМ ПЦКсынын төрайымы Д.К.Калдарова, окутуучулар катышышты. Тайпалардын кураторлору берилген тема боюнча слайддарды түзүшүп, студенттер менен кызыктуу баарлашуу уюштурулду. Куратордук сааттарда студенттерге тамекини пайдалануу адамдардын ден соолугуна зыян экендиги, жашоодо туура жолду тандоого жана коомдогу тамеки чегүү көйгөйүн жөнгө салуу , анын үй-бүлөгө жана коомго тийгизген терс таасирлери боюнча кенен маалыматтар берилди.

Жыйынтыгында, ар бир адам– кайталангыс инсан экенибизди, дүйнөгө бир жаралган соң жашообузду ден соолукта өткөрүүбүз керек экендигин, ар бир адамдын ден соолугу өзүнүн колунда деген түшүнүктөрдү берүү менен куратордук сааттар жыйынтыкталды.