П.И.Д.,ПРОФЕССОР Т. Э. УМЕТОВ СТУДЕНТТЕР МЕНЕН
Алдыңкы тажрыйба борбору Жалал-абад колледжинде башталгыч класстарды окутуу адистигинин бүтүрүүчү курстун студенттерине методикалык жардам көрсөтүү максатында «Башталгыч класстарды окутуудагы айрым маселелер» темада п.и.д.,профессор Т. Э. Уметов конок лекция өттү. Конок лекцияда Т. Э. Уметов башталгыч класстарды окутуудагы учурдагы сабактар жана ага коюлуучу талаптар жана окутуунун жаңы технологиялары боюнча маалымат берди.
Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолоруна жоопторду алышты. Агай практикалык көнүгүүлөрдү, ыкмаларды студенттер менен кошо жасап, кызыктуу талкуу уюштурду. Жыйынтыгында ,студенттер кээ бир предметтер боюнча ыкмаларды үйрөнүп, аны пландоо боюнча билимдерин толукташты.