1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

28

Жалал-Абад колледжинде мамлекеттик тил  күнүнө карата ачык куратордук саат өткөрүлдү

Тил күнүнө карата жарыяланган жумалыктын алкагында "Тил жана нарк - улуттук иденттүүлүктүн негизи" аттуу ачык куратордук сааттар өтүлдү. Иш-чара студенттердин улуттук аң-сезимин калыптандырууга чоң салым кошот.

Ачык куратордук сааттардын негизги багыттарына төмөнкүлөр кирет:

·         Эне тилдин кадыр-баркы: Мамлекеттик тилдин коомдогу ордун жогорулатуу жана аны таза, туура колдонууга үйрөтүү.

·         Улуттук нарк-насил: Ата-бабалардан калган каада-салтты, адеп-ахлакты жана руханий баалуулуктарды жаштардын аң-сезимине сиңирүү.

·         Иденттүүлүк жана патриотизм: Өз элинин тарыхын, маданиятын сыйлаган, мекенин сүйгөн жарандарды тарбиялоо.

Бул багыттагы иш-чаралар студенттердин келечекте өз кесибинин мыкты адиси гана эмес, чыныгы мекенчил инсан болуп жетилишине өбөлгө түзөт.