1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

32

Жалал-Абад колледжинде 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата студенттер арасында  дебат өттү

23-сентябрь — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата жарыяланган тил жумалыгынын алкагында Жаштар кеңеши тарабынан "Мамлекеттик тилдин азыркы учурдагы жетишкендиктери жана көйгөйлөрү" аттуу дебаттын өткөрүлүшү жаштардын мекенчилдик сезимин ойготуп, тил маселесине кайдыгер карабоого үндөйт. Мындай дебаттар жаштарга көйгөйдү жөн гана айтып тим болбостон, аларды чечүүнүн реалдуу жолдорун издөөгө жана өз пикирин аргументтүү жеткирүүгө чоң көмөк көрсөтөт.