1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

30

Билим күнү жана Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгы: Жалал-Абад колледжинде салтанаттуу куратордук сааттар өтүлдү

Жалал-Абад колледжинде жаңы окуу жылынын башталышына карата уюштурулган Билим күнү өзгөчө салтанаттуу кырдаалда белгиленди. Быйылкы майрамдык куратордук сааттар залкар жазуучу, кыргыз элинин сыймыгы Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесине арналып, студенттер үчүн тарбиялык да, шыктандыруучу да чоң окуяга айланды.

Окуу жайдын тайпаларында өтүлгөн куратордук сааттарда залкар калемкештин өмүр жолу, калтырган өчпөс мурасы жана дүйнөлүк адабиятка кошкон салымы кенен талкууланды. Кураторлор Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы мекенчилдик, адеп-ахлак, адамгерчилик жана билим алуунун маанилүүлүгү тууралуу айтып беришип, жаштарды китеп окууга жана ааламга жол ачкан илимге умтулууга чакырышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө:

·         Студенттер залкар жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөрдү аткарып, көркөм окууларды тартуулашты.

·         Айтматовдун каармандарынын адеп-ахлактык баалуулуктары тууралуу кызуу талкуулар өттү.

·         Чыгармаларынан сүрөт көргөзмөлөрү  көрсөтүлдү.