1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

55

ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ БҮТҮРҮҮ АЗЕМИ ӨТКӨРҮЛДҮ

Жалал-Абад колледжинде бүтүрүүчүлөргө арналган салтанаттуу бүтүрүү аземи өткөрүлдү. Иш-чарага колледждин жетекчилиги, окутуучулар, ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр катышышты.

Аземдин жүрүшүндө бүтүрүүчүлөргө ак жол каалоолору айтылып, окуудагы жана коомдук иштердеги жетишкендиктери белгиленип ардак грамоталат ыйгарылды. Колледждин жетекчилиги жаш адистерге келечектеги эмгек жолунда ийгиликтерди, бекем ден-соолук жана чоң жетишкендиктерди каалады.

Салтанат концерттик программа менен коштолуп, бүтүрүүчүлөр тарабынан ыраазычылык сөздөр айтылды. Иш-чара шаңдуу маанайда өтүп, бүтүрүүчүлөр үчүн эстен кеткис күндөрдүн бири болду.

Ак жол, урматтуу бүтүрүүчүлөр! Келечегиңер кең, жолуңар байсалдуу болсун!