1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

62

Академиялык мобилдүүлүк алкагында конок лекция өтүлдү

ЖАМУнун ЖАК Тигүү Буюмдарын Конструкциялоо ПЦКсынын мугалими Нуркулова Аселя Калиловна ОшТУ колледжинде КМТШИ адистигинде окуган студенттер үчүн академиялык мобилдүүлүк алкагында конок лекция өттү.

Лекция “Костюмду көркөм долбоорлоо” сабагынын негизинде уюштурулуп, “Флора, фауна аналогдордун жардамы менен жаңы модель жаратуу” темасына арналды. Сабактын жүрүшүндө студенттер жаратылыштагы өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнөн шыктануу алуу аркылуу заманбап костюм моделдерин иштеп чыгуу боюнча теориялык жана практикалык маалыматтарга ээ болушту.

Конок лекция студенттер үчүн кызыктуу жана пайдалуу болуп, чыгармачылык изденүүгө дем берди. Иш-чаранын жыйынтыгында Нуркулова Аселя Калиловнага сертификат тапшырылды.