1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

57

«Чыгармачылык эмгек жана мода – биздин келечегибиз» аттуу иш-чара өткөрүлдү.

Жалал абат колледжинин Тигуу Буюмдарын Конструкциялоо ПЦКсынын биринчи курс студенттери тарабынан «Чыгармачылык эмгек жана мода – биздин келечегибиз» аттуу тарбиялык жана чыгармачылык иш-чара уюштурулуп өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты студенттердин чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү, мода дүйнөсүнө болгон кызыгуусун арттыруу жана келечектеги кесиптик багытын аныктоого көмөк көрсөтүү болду. Студенттер өздөрүнүн чыгармачылык эмгектерин, кызыктуу идеяларын жана өнөрлөрүн тартуулап, иш-чаранын мазмунун байытты.

Бул иш-чарага студенттердин ата-энелери да активдүү катышып, балдарынын жетишкендиктерине күбө болушту. Ата-энелер менен студенттердин биргелешкен катышуусу иш-чаранын өзгөчө жылуу жана таасирдүү маанайда өтүшүнө өбөлгө түздү.

Иш-чаранын соңунда студенттерге жана алардын ата-энелерине билим берүү жана тарбиялоо процессине кошкон салымдары, активдүү катышуусу үчүн Ыраазычылык каттар тапшырылды.

Мындай иш-чаралар студенттердин чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүгө, ата-эне менен окуу жайдын кызматташтыгын чыңдоого жана келечектеги кесипкөйлөрдү тарбиялоого чоң салым кошот.