1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

57

“Көмөк чордонунун электрдик схемасы” темасында ачык сабак өтүлдү

“Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Алдыңкы тажрыйба борбору  Жалал-Абад колледжинин Энергетика жана ӨКК ПЦКсынын ЭССк-2-24 тайпасына ОМ1 Электр чордондорунун жана электр тармактарынын электр жабдууларынын техникалык тейлөөнү уюштуруу “Электр чордондорунун жана көмөк чордондордун электрдик бөлүгү” дисциплинасы боюнча “Көмөк чордонунун электрдик схемасы” аттуу темада ачык сабак өткөрүлдү. Сабак энергетика багытында билим алып жаткан студенттердин теориялык билимин тереңдетүү жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү максатында уюштурулду.

Сабактын жүрүшүндө студенттер көмөкчордондордун негизги электрдик схемалары менен таанышып, алардын түзүлүшү жана иштөө принциптери боюнча кеңири маалымат алышты. Ошондой эле ГЭСтердеги электр байланыш схемалары түшүндүрүлүп, электр энергиясын берүү жана бөлүштүрүү процесстери талкууланды.

Сабактын максаты

Электр көмөкчордондорунун негизги схемаларын үйрөтүү;

ГЭСтердеги электр байланыш схемаларын түшүндүрүү;

Электр схемасынын элементтеринин иштөө принциптерин өздөштүрүү.

Сабакта трансформаторлордун, өчүргүчтөрдүн, ажыраткычтардын жана өлчөөчү приборлордун схемадагы орду жана аткарган милдеттери көрсөтүлдү. Студенттер электр чынжырынын блок схемаларын талдап, көмөкчордондогу жабдуулардын өз ара байланышын практикалык мисалдар аркылуу жана ГЭСтин электрдик схемасы аркылуу иштеди.

Ачык сабак интерактивдүү усулдар менен өткөрүлүп, студенттер суроо-жооп, схема талдоо жана топтук иш формаларында активдүү катышышты. Сабактын соңунда катышуучулар темага байланыштуу практикалык тапшырмаларды аткарып, өз билимдерин бекемдешти.

Мындай ачык сабактар студенттердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга, теория менен практиканы айкалыштырууга жана энергетика тармагындагы заманбап технологияларды өздөштүрүүгө чоң өбөлгө түзөт.