1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

59

1-июнь – Балдарды коргоо күнүнө карата кайрымдуулук акциясы өткөрүлдү

1-июнь – Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата колледждин жамааты тарабынан кайрымдуулук акциясы уюштурулуп, балдардын реабилитациялык борборуна материалдык жардам көрсөтүлдү.

 Иш-чаранын негизги максаты – балдарды колдоо, аларга камкордук көрсөтүү жана коомдогу боорукерлик сезимин өнүктүрүү болуп саналат. Колледждин жамааты борбордогу балдарды майрамы менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, бактылуу балалык жана жаркын келечек каалады. Мындай кайрымдуулук иш-чаралары жаш муундарды адамгерчиликке, боорукерликке жана социалдык жоопкерчиликке тарбиялоодо чоң мааниге ээ.