1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

63

Квалификация алдындагы практиканын жыйынтыктоочу конференциясы өткөрүлдү

Жалал-Абад колледжинде Автоматташтырылган системалар жана математика предметтик-циклдик комиссиясынын «Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо» адистигинин студенттери үчүн квалификация алдындагы практиканын жыйынтыктоочу конференциясы өткөрүлдү.

Колледждин 2025–2026-окуу жылына карата окуу планына жана окуу процессинин графигине ылайык, ПОВТАСк-01-02-24 жана ПОВТАСк-2-3-4-5-6-23 тайпаларынын студенттери 2026-жылдын 13-апрелинен 30-майына чейин тиешелүү мекеме-ишканаларда практикадан өтүштү.

Конференцияда студенттер практика мезгилинде аткарган иштерин, өздөштүргөн кесиптик көндүмдөрүн жана иштеп чыккан долбоорлорун презентация түрүндө тааныштырышты. Алар программалык камсыздоону иштеп чыгуу, маалыматтар базасын түзүү, веб-тиркемелерди долбоорлоо, компьютердик техникаларды тейлөө жана локалдык тармактарды жөндөө багытындагы практикалык иштерин көрсөтүштү.

Практика жетекчилери студенттердин отчетторуна, презентацияларына жана аткарган тапшырмаларына талдоо жүргүзүп, кесиптик даярдыгын жогору баалашты. Жыйынтыгында квалификация алдындагы практика теориялык билимди өндүрүштүк тажрыйба менен айкалыштырууга жана студенттердин өз алдынча иштөө компетенцияларын өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөнү белгиленди.

Иш-чара студенттердин кесиптик жоопкерчилигин арттырып, тажрыйба алмашууга, жетишкендиктерди талдоого жана келечектеги эмгек ишмердүүлүгүнө даярдыгын системалуу баалоого маанилүү шарт түздү. Конференциянын соңунда студенттерге кесиптик өнүгүү боюнча конкреттүү сунуштар жана тиешелүү багыттар берилди.