1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

33

Жалал-Абад колледжинин  студенттери «Адептүүлүк үй-бүлөдөн башталат» аттуу дебатка катышышты

2026-жылдын 21-май күнү Жалал-Абад областтык китепканасы тарабынан уюштурулган “Адептүүлүк үй-бүлөдөн башталат” аттуу дебат болуп өттү.

Дебатка колледждин КМТШИк- 01-25 тайпасынын студенттери жана жеңил көндүмдөр дисциплинасынын окутуучу Байышбек кызы Аида, ошондой эле шаардын кадырлуу ак-сакалдары катышып, адептүүлүк, үй-бүлөлүк баалуулуктар жана жаштардын тарбиясы тууралуу өз ойлорун ортого салышты.

Иш-чаранын негизги максаты — жаштарды адептүүлүккө, үй-бүлөлүк ынтымакка жана коомдук маданиятка үндөө болду. Дебат жогорку деңгээлде өтүп, катышуучулар өздөрүнүн билимдерин жана ой жүгүртүүлөрүн көрсөтө алышты.

Мындай иш-чаралар студенттердин коомдук активдүүлүгүн арттырып, маданий-руханий баалуулуктарды даңазалоого чоң салым кошот.