1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

10 месяцев назад

161

1

ДЕНИ САК УЛУТ, ДЕНИ САК ӨЛКӨ! - студенттер менен жолугушуу

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-абад колледжинде Жалал-Абад милициясы жана КР ИИМнин бангизатты мыйзмсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте “Дени сак улут-дени сак өлкө” жана “Улуттук наркты, каада салтты, үрп адаттарды даңазалап, жаш муундарга өткөрүп берүү жалпыбыздын милдетибиз” деген аталышта массалык иш чара болуп өттү. Иш чаранын негизги максаты азыркы жаштардын коомдо ар кандай укук бузууларга, кылмыштуулукка, наркоманияга жол бербөөгө чакыруу, аларды терең билим алууга, спорт менен машыгууга, дени сак жашоого үндөө үчүн өткөрүлдү. Иш чаранын биринчи бөлүгүндө студенттердин арасында спорттун “валейбол” түрүнөн мелдеш өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталып байгелүү сыйлыктарга ээ болушту. Экинчи бөлүктө студенттер менен өкүлдөрдүн жолугуушусу болуп, ачылыш сөздө ЖАКтын директору Б.М.Турдубаева жаштарды руханий таалим-тарбияга, терең билим алууга жана кыргыздын каада салттарын сактоого чакырып өттү. Ошондой эле КР ИИМдин БМЖКК кызматынын өкүлү милициянын подполковниги Ж.Г.Жузубалыевна бангизаттын зыяндуулугу боюнча лекция өтүп, студенттерге терең мааниси бар видеороликтерди көрсөттү. Андан тышкары студенттердин бангизат боюнча канчалык деңгээлде маалыматы бар экендигин билүү максатында интелектуалдык оюн уюштуруп, суроолорго туура жооп бергендерге милициянын атайын белектерин тапшырды. Иш чаранын соңунда ЖАКтын соц педагогу Р.К.Эгембердиева милиция менен тыгыз иш алып баргандыгы үчүн милиция тарабынан ыраазычылык кат менен сыйланды.