ДЕНИ САК УЛУТ, ДЕНИ САК ӨЛКӨ!
26-март күнү КР ИИМдин түштүк региондук Банги затты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жана Жалал-Абад ШИИБнүн ЖЖӨИ тарабынан уюштурулган, Алдыңкы тажрыйба борбору болгон Жалал-Абад колледжи менен биргеликте Жалал-Абад шаарынын аймагындагы укук бузуулардын, кылмыштуулуктун, аптекалык наркоманиянын алдын алууда “Дени сак улут, дени сак өлкө!” аталышындагы Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин 1-2-3 курстун студенттери арасында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү.
Спорттук мелдешке колледждин студенттери катышып, байгелүү орундарды ээлешти.
Байгелүү орунду ээлеген командалар КР ИИМдин түштүк региондук Банги затты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан медаль, ардак грамота , баалуу белектер менен сыйланды.
Мелдештин жыйынтыгында:
1 орун ДТк-2-21
2 орун ДТк-2-23
3 орун БАСк-01-22