ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ
Жалал-Абад колледжинин окутуучулары Г. Чекиргозова, Н. Тукуева, Э. Калимбетова, Э. Режапова ишкердик негиздери предмети боюнча мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаардык башкармалыгында жумуш ордунда окутуу өткөрүштү.
Жалал-Абад шаары боюнча салык кызматынын сектор башчы Сайипова Наргиля Исаевна ишкананы каттоо, кичи жана орто ишканалар тарабынан төлөнүүчү салыктар тууралуу кеңири маалымат берди жана студенттердин кызыккан суроолоруна жооп берди.