1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

31

Жалал-Абад колледжинде Чернобль кырсыгы боюнча конференция өттү

Колледжде Чернобыль атомдук электр станциясындагы кырсыкка арналган конференция өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты — студенттерге адамзат тарыхындагы эң ири техногендик кырсыктардын бири болгон Чернобыль апааты тууралуу кеңири маалымат берүү, анын кесепеттерин түшүндүрүү жана экологиялык коопсуздуктун маанисин жеткирүү болду.

Конференциянын жүрүшүндө баяндамачылардын бири Чернобыль кырсыгынан кийинки тазалоо иштеринин катышуучусу Исраилов Элдияр Калбекович болду жана ал кырсыктын  келип чыгуу себептери, анын адамдардын ден-соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасири тууралуу маалымат берди. Ошондой эле радиациянын зыяндуулугу, коопсуздук эрежелери жана мындай кырсыктардын алдын алуу боюнча ойлор айтылды.

 Иш-чара катышуучулар үчүн кызыктуу жана пайдалуу болуп, жаштарды экологиялык маданиятка жана жоопкерчиликке үндөдү.