1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

27

Колледжде Шанхай кызматташтык уюму тууралуу презентация сынагы өткөрүлдү

Аталган иш-чаранын негизги максаты — студенттердин эл аралык уюм тууралуу билим деңгээлин жогорулатуу, аналитикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү жана презентация даярдоо жөндөмдөрүн өркүндөтүү болду.

Сынакка ар түрдүү тайпалардын студенттери катышып, Шанхай кызматташтык уюмунун түзүлүү тарыхы, максаттары, мүчө мамлекеттери жана эл аралык кызматташтыктагы ролу тууралуу кызыктуу маалыматтарды даярдашты. Катышуучулар өз презентацияларын чыгармачылык менен коргоп, калыстар тобу тарабынан бааланды.

Иш-чаранын жыйынтыгында мыкты даярдалган презентациялар аныкталып, жеңүүчүлөргө дипломдор жана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды. Сынак студенттер үчүн пайдалуу маалымат аянтчасы болуп, алардын дүйнөлүк саясат жана эл аралык кызматташтык боюнча кызыгуусун арттырды.