АЧЫК САБАК - ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУГА МҮМКҮНЧҮЛҮК
Алдыңкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжинде 2023-24-окуу жылдын 2-жарым жылдыгына пландалган ачык сабактар өтүлүп жатат. “Ачык сабактарды уюштуруунун максаты-окутуучулардын кесиптик, педагогика-психологиялык багыттагы компетентүүлуктөрүн жогорулатуу жана методикалык жактан тажрыйба алмашуу,” -дейт Жалал-Абад колледжинин методикалык иштери боюнча инспектору А.А.Сопукулова. Анын маалыматы боюнча, ачык сабактар алдын ала түзүлгөн график боюнча өтүлүп жатат.
С.А.Тобокелова БКМк-2-21 тайпасына окуу , жазуу жана эсепти окутуунун дифференциациясы жана интеграциясы, А.К.Калчакеева АТк-05-23 тайпасына Кыргызстан тарыхы дисциплинадан сабак өтүштү. Сабактар инновациялык методдор менен өтүлүп, санарип инструменттер колдонулду. Анда окутуучулар тажрыйба алмашышты жана анализ беришти.