1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

37

Квалификациялык иш алдындагы практика боюнча жыйынтык иш-чара 

3-курс бүтүрүүчү студенттеринин квалификациялык иш алдындагы практикасынын жыйынтык конференциясы жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Конференция  жүрүшүндө студенттер өздөрүнүн даярдаган слайд-презентацияларын сунуштап, практика учурунда тиккен кийимдерин жана автордук коллекцияларын көргөзмөгө коюшту. Ар бир студент аткарган иштери боюнча кеңири отчет берип, алган тажрыйбасы жана жетишкендиктери тууралуу баяндап өттү.

Өзгөчө белгилеп кетүүчү учур – студент Каримова Шайыргүл өзүнүн “Чебер кыз” аттуу брендин негиздеп, учурда жеке заказдарды кабыл алып, ийгиликтүү иш алып барып жатканын билдирди жана инстаграмы менен бөлүштү @_Cheber_kyz_ . Бул демилге башка студенттер үчүн да жакшы үлгү болду.

Мындан тышкары, айрым студенттер практикадан өткөн ишканаларда өздөрүн жакшы көрсөтүп, ошол эле жерден туруктуу жумушка орношкондугун белгилешти. Бул факт окуу процессинин сапатын жана практиканын натыйжалуулугун дагы бир жолу далилдеди.

Иш-чарага ТБК ПЦКсынын мугалимдери, студенттер, ата-энелер жана практика жетекчиси Режепова Э.А. катышты. Катышуучулар студенттердин эмгегине жогору баа берип, келечекте дагы ийгиликтерди каалашты.