1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

30

Жалал-Абад колледжинде ачык сабактар жумалыгы

 Жалпы билим берүү ПЦКСынын химия, биология предметинин окутуучусу Карабекова Чынара Кайсарбаевна  Жалал-Абад колледжинде ачык сабактар жумалыгын уюштурду. Ачык сабак жумалыгына окутуучулар активдүү катышышты. Сабактар химия, биология предметтери боюнча өтүлдү. Сабактар  кызыктуу, жандуу,  көргөзмөлүү  уюштурулуп, студенттердин кызыгуусун арттырды. Практикалык, лабораториялык, санарип маалыматтык сабактар студенттерге кызуу талкуу жаратты.  Ачык сабак жумалыгынан кийин студенттердин арасынан  химия, биология факультеттерине   тапшырып илимий иштерди алып барабыз деп студенттер  чоң мотивация алышты. Окутуучулар пайдалуу методикалык сунуштарды алышып, өз иш тажрыйбасын өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Ошондой эле студенттер үчүн мындай сабактар окууга болгон кызыгууну арттырды жана предметтерди тереңирээк түшүнүүгө өбөлгө түздү.

Бул иш-чара окутуучулардын педагогикалык чеберчилигин арттырууда жана колледждеги билим сапатын жогорулатууда маанилүү роль ойнойт.