1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

28

Студенттердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу аракеттери

Жалпы билим берүү ПЦКсында жалпы  өткөрүлгөн ачык сабактар окуу-тарбия процессин жакшыртууга жана окутуучулардын кесиптик чеберчилигин жогорулатууга багытталган натыйжалуу иш-чара болду.   

     Сабактар заманбап педагогикалык технологияларды колдонуу менен уюштурулуп, студенттердин активдүүлүгүн арттырууга өзгөчө көңүл бурулду.

    Ачык сабактарда интерактивдүү методдор (топ менен иштөө, суроо-жооп, талкуу, практикалык тапшырмалар) кеңири колдонулуп, бул студ енттердин сабакка болгон кызыгуусун күчөттү. Окутуучулар темаларды жеткиликтүү, түшүнүктүү формада баяндап, көрсөтмө куралдарды жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды (презентациялар, видеоматериалдар) натыйжалуу пайдаланышты.

     Сабактарды талдоо учурунда катышкан студенттер тарабынан тарабынан сунуш-пикирлер берилип, тажрыйба алмашуу ишке ашырылды. Бул өз кезегинде окутуунун сапатын жогорулатууга жана жаңы ыкмаларды практикада колдонууга өбөлгө түздү.

     Жыйынтыгында, ачык сабактар жогорку деңгээлде өткөрүлүп, коюлган максаттарга жетишилди деп бааланат. Мындай иш-чаралар окутуучулардын профессионалдык өсүшүнө, сабак өтүүнүн сапатын жакшыртууга жана билим берүү процессинин натыйжалуулугун жогорулатууга оң таасирин тийгизет. Мындан ары да ачык сабактарды системалуу түрдө уюштуруу сунушталат.

Ачык сабактар төмөнкү графиктин негизинде өтүлдү, жалпы 39 ачык сабактарды өтүштү

1.      Омуралиева Мухабат Ишеновна      Орус тили, адабияты  У. Шекспир " Ромео

                                                                                               и Джульетта"

2.      Кадырбек кызы Элиза                            Чет тили               Sports in Great Britain        

3.      Карабекова Чынаркан Кайсарбаевна        Химия   Органикалык бирикмелердин 

    негизги класстары

4.      Наджиева Замира Эргешбаевна           Чет тили       Sports in Great Britain

5.      Бабакулова Гулкыз Раимкуловна  Физика           Жарыктын кванттык касиеттери

6.      Тажибаева Динара Турабековна    Кыргыз тили, адабияты       “Сынган кылыч” 

                                                                                                       Чыгармасы

Негизинен ачык сабактар системалуу турдө толук кандуу өтүлдү, анализ берилип, чеберчилиги күчтүү окутуучуларга көрсөтмөлүү сабак өтүүгө сунушталып, ал эми жаш окутуучуларга насаатчылык менен коштоо күчөтүү айтылды.